• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жыл башынан бери Кыргызстанга 180,2 миң тонна мунай импорттолгон

Экономика 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Кыргызстанга акыркы эки айда 180,2 миң тонна мунай продуктулары импорттолгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргызстанга 1-январдан 10-мартка чейин 180,2 миң тонна мунай импорттолгон, анын ичинен бензин - 96,6 миң тонна, дизел майы - 83,6 миң тонна.

Эшатов билдиргендей, нефтетрейдерлер республиканын күйүүчү-майлоочу майга болгон муктаждыгын толугу менен жабат.

Пикир

Оставить комментарий