• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кыргызстан менен Кореянын өнөктөштүгүн бекемдөөчү меморандумдарга кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Кореянын өнөктөштүгүн бекемдөөчү меморандумдарга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, меморандум президент Садыр Жапаровдун 2-4-декабрдагы расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Кореянын бизнес-коомчулугу менен болгон жолугушуу учурунда түзүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө экономика министри Данияр Амангелдиев Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган төмөнкү меморандумдарга кол койду:

- КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Sejin G&E Co. Ltd компаниясынын ортосунда "Ош шаарындагы санитардык таштанды полигонунда таштанды газынын негизинде электр станциясын куруу жана көмүртек чыгындыларын азайтуу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга;

- КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Blue Networks Co., Ltd компаниясынын ортосунда электрозаряддык станцияларды куруу тармагында кызматташуу боюнча меморандумга;

- КР Экономика жана коммерция министрлиги менен ECOVICE Origin жана SUNJIN Engineering&Architecture компанияларынын консорциумунун (ЭКОВИС ОРИДЖИН жана СЕНЖИН Инжиниринг & Констракшн Ко., Лтд) ортосунда логистикалык борборлорду куруу тармагында өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга;

- КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Elec-Cube Co., Ltd (Элек-кюб Ко., Лтд) компаниясынын ортосунда мейманканаларды куруу тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга;

- КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Silicon2 Co., Ltd (Силикон Ту Ко., Лтд) компаниясынын ортосунда косметикалык продуктыларды өндүрүүчү заводдорду куруу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга;

- КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Wookyung Construction Co., Ltd (У-кёнг Констракшн Ко., Лтд) компаниясынын ортосунда жол куруу жана тоо-кен иштетүү тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга;

- КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемеси менен Корей соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (KOTRA) ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга;

- КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемеси менен Корей импортерлор ассоциациясынын (KOIMA) ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга;

- КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемеси менен Корей эл аралык соода ассоциациясынын (KITA) ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга.

Бул документтерди ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизет. Алар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы экономикалык мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзөт.

Пикир

Оставить комментарий