Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук кардиология жана терапия борборунда болуп, анда бекер операцияларды жасоо боюнча бир жумалык кайрымдуулук акциясынын жыйынтыгы чыгарылды.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда бир жуманын ичинде жасалма кан айландыруу шартында 14 бейтаптын жүрөгүнө ачык операциялар жасалды, анын ичинде 12 бейтапка жүрөк клапандары алмаштырылды. Эки бейтапка митралдык клапанга, дагы эки бейтапка жүрөктүн септалдык кемтигине операция жасалды. Ошондой эле 31 бейтапка коронарография жасалып, анын ичинен 15 бейтапка коронардык артериясы кеңейтилип, 17 стент коюлган.
М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда жүрөктүн коронардык оорусу менен жабыркаган 90 бейтаптын оору тарыхчасы боюнча талкуу жүргүзүлүп, бейтаптардын мурда жасалган коронарографиясы боюнча бардык маалыматтар каралып чыкты. Жыйынтыгында 51 бейтаптын коронардык артерияларына интервенциялык процедуралар (транслюминалдык ангиопластика жана стенттештирүү) жасалган. Бейтаптарга 62 стент коюлду.
Бардык операциялар жана интервенциялык процедуралар Сауд Аравиясынан келген дарыгерлердин жана кыргызстандык адистердин катышуусунда өттү.
Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Аравиясынан келген адистерге элдин саламаттыгын сактоого кошкон баалуу салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосунда көптөгөн тармактарда абдан тыгыз кызматташтык бар экенин, активдүү тармактардын бири саламаттык сактоо тармагы экенин баса белгиледи.
"Бул иш-чаранын аркасында 80ден ашуун бейтап текшерүүдөн өтүп, дарыланууга мүмкүнчүлүк алды. Иш-чара ошондой эле эки өлкөнүн адистеринин тажрыйба алмашуусу үчүн жакшы аянтча болду. Ошондой эле октябрь айынын аягында Сауд Аравия Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин ради Аль-Ради мырза менен болгон жолугушууда аймактарга 10 фельдшердик-акушердик пункттун курулушу, ошондой эле көп тармактуу клиника куруу мүмкүнчүлүгү талкууланган. Андыктан биздин кызматташуубуз мындан ары да уланат жана жемиштүү болот деп ойлойм", - деди министр.
Эске салсак, 10-ноябрда Кыргызстанга Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту жана Кардиология жана терапия улуттук борборунун базасында акысыз операцияларды жүргүзүү үчүн Король Салман атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору аркылуу Сауд Аравия Королдугунан 30 хирург келген.
Пикир
Оставить комментарий