• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарында балдар арасында COVID-19 пневмониясы жайылган учурлар катталган жок - министрлик

Ден соолук 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Нарын облустук бириктирилген оорукананын балдар бөлүмү кадимки тартип иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Министрлик, социалдык тармактардагы Нарын облустук бириктирилген оорукананын балдар бөлүмү толуп калды деген маалымат туура эмес экенин билдирет.

Нарын облустук бириктирилген оорукананын директору Чыңгыз Нарынбековдун айтымында, балдар бөлүмүндө 12 орун бар. Учурда балдар бөлүмүндө коронавирустук эмес пневмония менен 2 бала жана сасык тумоо менен 5 бала жатат. Калган 5 орун бош.

Ошондой эле министрлик, үй-бүлөлүк дарыгерлерге балдар пневмония менен ооруп кайрылган учурлардын көбөйгөнү байкалбаганын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий