• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда ВИЧ илдетине кабылгандардын саны өсүүдө – Чолпонбаев

Ден соолук 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда ВИЧ илдетине кабылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн парламенттин жыйынында айтты.

“СПИД” республикалык борборунун маалыматтарына ылайык, 2019-жылдын март айында оң ВИЧ менен 8 миң 967 адам катталган. Алардын ичинен 484ү чет элдиктер.

Чолпонбаев билдиргендей, бул багытта ведомство жаңы стратегияны кароодо, келечекте ошол боюнча иш жүргүзүлөт.

“Ошондой эле “Ден соолук” программасынын алкагында жарандардын арасында өлүмдөрдүн 50%ын жүрөк-кан тамыр системасынын жана кант диабети ооруларынан көз жумгандар түзөт. Бул оорулардын көбү адамдардын өзүнүн жашоо шарттарынан көз каранды. Учурда биз мамлекеттик деңгээлде чараларды көрүп жатабыз”, - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий