• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баардыгы бир жерде: Кыргызстанда адал эт паркы курулат

Коом 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Кыргызстанда адал эт паркы курулат. Анын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн 380 миң доллар грант бөлүнөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Долбоорду даярдоо үчүн техникалык жардам көрсөтүлөт. Тийиштүү келишимге Кыргызстан, Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясы кол койду.

Айтылган гранттын ичинен 280 миң долларын Ислам өнүктүрүу банкы, ал эми 100 миң долларын Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясы берет.

Кыргыз тарап долбоорго 50 миң доллар салат. Бул каражат изилдөө жана логистикалык чыгымдарга каралган.

Бул долбоор малды байлап семиртүү, ветеринардык кызмат, малды союу, муздаткычтар, этти кайра иштетүү жана таңгактоого иштерин камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий