• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат

Маданият 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү меморандумга 2023-жылдын 30-сентябрында XV Ташкент Эл аралык кинофестивалынын алкагында КР Кинематография департаменти менен Өзбекстан Кинематография агенттигинин ортосунда кол коюлду.

Меморандумдун максаты Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен кино өндүрүшү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий