• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын кооз жерлеринин сүрөтү Дубайдагы көргөзмөгө коюлат

Маданият 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын кооз жерлеринин сүрөттөрү Дубайдагы көргөзмөгө коюлат. Бул тууралуу сүрөттөрдүн автору Нурсултан Аттокуров социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына билдирди.

“Мен сиздер менен маанилүү жана жагымдуу жаңылылыкты бөлүшүүгө шашылып жатам. Менин 8 сүрөтүм алдыда Дубайда өтө турган "Экспо-2021" көргөзмөсүнө көрсөтүлүүгө жактырылды. Көргөзмө 2020-жылдан 2021-жылга жылдырылган. Батаева Элмира жана КРнын соода-өнөр жай палатасына ыраазычылыгымды билдирем. Бул мен үчүн чоң жетишкендик, анткени мен өзүмдүн сүрөттөрүмдү дүйнө жүзүнө көрсөтө алам. Жакын арада сиздерде бул сүрөттөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт” ,- деди сүрөтчү.

Эске сала кетсек, пандемияга байланыштуу Эл аралык көргөзмө бюросуна кирген өлкөлөр Дубайда өтүүчү “Экспо-2020” көргөзмөсүн бир жылга жылдырууга добуш беришкен.

Иш-чара 2021-жылдын 1-октябрынан 2022-жылдын 31-мартына чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий