• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чүйдө мал уурдоого шектүүлөр кармалып, алардын бир нече кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Чүй облусунда мал уурдоого шектүүлөр кармалып, алардын бир нече кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Онбир-Жылга айылынын 37 жаштагы жашоочусу Р.Т. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 23-январга караган түнү анын сарайына белгисиз бирөөлөр кирип, 3 баш малын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 50 миң сомду түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында Чүй облустук ИИББинин криминалдык милиция кызматы, Сокулук РИИБинин жана Чүй РИИБинин кызматкерлери тарабынан Сокулук районунун аймагында унаага мал жүктөп бара жаткан жеринен 28 жаштагы К.А. жана 25 жаштагы Т.М. аттуу жарандар кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган жарандар бир топ кылмыш иштерине катыштыгы бар экендиги такталган. Алар Чүй облусу боюнча 12 фактыга жана республиканын башка аймактарында 16 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий