Бишкек, 25.12.23./Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курама командалары контролдук беттеш өткөрдү.
Оюн бүгүн Дубайдагы "Аль-Наср" стадионунда өттү.
Эки команда тең 2023-жылкы Азия Кубогуна даярданып жаткандыктан, беттеш түз эфирсиз жана көрүүчүлөрсүз жабык форматта орун алды.
Беттеш 1:4 эсебинде Өзбекстандын курамасынын жеңиши менен аяктаган.
Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, атаандаштын дарбазасына жалгыз голду Бактыяр Дүйшөбеков киргизген.
"Ак шумкарлар" Азия биринчилине болгон даярдыгынын алкагында кийинки беттешин БАЭ курама командасы менен 30-декабрда өткөрөт.
Эскерте кетсек, Азия Кубогу-2023 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Кыргыз курама командасы F тайпасында Оман, Сауд Аравия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.
Алдыда боло турган Азия чемпионатына катышуу улуттук кураманын тарыхында экинчи болуп калмакчы. Футболчулардын астында Азия Кубогуна жана 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алууга күрөштү улантуу үчүн Азиянын 18 мыкты командасынын бири болуу милдети турат.
Пикир
Оставить комментарий