• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кыргызстан нефти өндүрбөгөндүктөн, күйүүчү майларды сырттан биржадагы баа менен сатып алат – депутат

Экономика 0

Бишкек, 10.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстан нефти өндүрбөгөндүктөн, күйүүчү майды сырттан биржадагы баа менен сатып алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өлкө коңшу Казакстан жана Россиядан күйүүчү майларды импорттойт. Бул мамлекеттерде бензин жана дизель отуну ички рыногуна арзан баада сатылат. Анткени алар мунайды өздөрү өндүрөт.

“Ар бир мамлекетте өндүрүлө турган жаратылыш кендери бар. Кыргызстан кен байлыктардын түрүнө, суу ресурстарына бай. Ошол сыяктуу эле Казакстанда, Россияда нефть кендеринин запасы көп. Албетте, нефтиси бар мамлекеттерде күйүүчү майлар ички рыногуна арзан баа менен сатылат. Ал эми биздин өлкө нефть өндүрбөгөндүктөн, аларды сырттан сатып алат. Алганда дагы эл аралык биржадагы баа менен импорттойбуз. Андагы баалар өйдө-ылдый болуп өзгөрүп турат. Мындан тышкары, Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында Россиядан мунай өндүрүмдөрүн лимит менен бажы алымдары жок алат. Муну менен биз кээ бир мамлекеттерге салыштырмалуу күйүүчү-майлоочу майды арзаныраак алабыз. Ошондой эле ошол мамлекеттин валютасынын курсунун өзгөрүшүнө жараша баалар өйдө-ылдый болуп турат. Муну менен катар күйүчү майды ташып келүүгө, логистикага да чыгымдар кетери баарыбызга белгилүү. Бүгүнкү күндө Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү “Жунда” заводу мунайды кайра иштетүүгө күчүн жумшап баштады. Бул дагы майлардын баасынын түшүп турушуна өбөлгө түзөт деп айтсак болот”, - деди эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий