• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда 16-августтан тарта каттоодон өтпөгөн телефондор өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда контрафакттык телефондорду колдонуудан коргоо максатында мобилдик аппаратты идентификациялоонун мамлекеттик системасы ишке киргизилген.

Улуттук оопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, мамлекеттик идентификациялоо системасы Кыргызстанга импорттолуучу SIM-карталарды иштетүүчү түзүлүштөрдүн стандарттарын көзөмөлдөө үчүн иштелип чыккан комплекстүү система, ошондой эле КРнын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык колдонулуучу түзмөктөрдү каттоо үчүн бардык жыйымдарды, бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыз кылуу болуп саналат.

Мамлекеттик реестрде мобилдик түзүлүштөрдү каттоо үчүн төлөм, ошондой эле бажы алымдары жана салыктары мобилдик түзүлүштөрдү импорттоочуларга чегерилет жана андан ары жеке жактарга сатуу акысыз жүргүзүлөт.

Жогорудагы токтомдун 17-1 пунктуна ылайык, жеке жак Кыргызстандын аймагына жылына 2ден ашык эмес уюлдук аппаратты жеке пайдалануу үчүн акысыз алып кире алат.

Кыргызстандын чегинен тышкары аппараттарды сатып алган адамдар (мисалы, телефон сиз менен чет өлкөдөн алынып келинсе же Кыргыз Республикасынан тышкары эл аралык базарларда онлайн заказ кылынса), “www.imei.kg” сайтында катталышы керек.

Кыргызстандын аймагында аппараттарды сатып алган адамдар, Аппаратты өз алдынча каттоонун кереги жок. Мобилдик түзмөктөрдү сатып алардан мурун, телефонуңуздагы *5656# буйрутмасын терүү, «www.imei.kg» веб-сайты же Beeline, Mega, O! байланыш операторлорунун тиркемеси аркылуу МИСына катталгандыгын текшерүү зарыл.

Ошону менен бирге МИС системасы ишке киргенге чейин (2024-жылдын 25-июнуна чейин) колдонулган Кыргыз Республикасынын жарандарынын бардык мобилдик түзүлүштөрү автоматтык түрдө тизмеге киргизилген, б.а. байланыш операторлорунун тармагынан ажыратылбастыгын белгилейбиз.

КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 24-июлундагы № 421 токтомуна ылайык, 2024-жылдын 25-июнуна чейин КР аймагына тастыктоочу документтерсиз алып келинген бардык катталбаган мобилдик түзүлүштөр 2024-жылдын 16-августунан тартып өчүрүлөт.

Байланышта болуу үчүн мобилдик аппараттарыңызды ушул жылдын 15-августуна чейин каттоодон өткөрүүнү суранабыз.

Пикир

Оставить комментарий