Кыргызстанда 2023-жылы жол тармагына 14,5 млрд сом бөлүнөт

Экономика 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Жол тармагын өнүктүрүү максатында 2023-жылга карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттен жалпысынан 14,5 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- учурдагы бюджеттен – 2,3 млрд сом;
- мамлекеттик инвестициялар – 12,1 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары, жол тармагын өнүктүрүүгө жумшалуучу каражаттардын көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзүү максатында 2022-жылдын 30-майында КР “Жол фонду жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып, ал 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген. Мыйзамда Жол фондун түзүүнүн булактары жана колдонулушу аныкталган.

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылы Жол фондунун каражаттарынын түшүүсү болжол менен 3,1 млрд сомду түзөт. Ошондой эле Жол фондуна учурдагы бюджеттин ичинен 2 млрд сом суммасында чегерилүү каралган.

"Азыркы күндө Финансы министрлиги тарабынан учурдагы бюджеттен унаа жолдорун кышкы тейлөөгө жана битум сатып алууга 434 млн сом суммасында каржылоо ачылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий