Кыргызстанда 4 айда өнөр жай продукциясынын көлөмү 154,7 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 154,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу тазаланган мунайзат продуктуларын (31,0 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин (28,7 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече өндүрүүнүн (19,6 пайызга), фармацевтикалык продукцияларды, тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (18,2 пайызга), ошондой эле резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (3,6 пайызга) көбөйүшүнүн эсебинен 2,2 пайызга өстү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Ошондой эле курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн өсүшү 50,8 пайызды, дүң жана чекене соодада - 20,7 пайызды, ошондой эле айыл чарбасында 2,1 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий