Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. 2019-жылдын 1-январына карата пенсия алган адамдардын саны республика боюнча 651,2 миңди түзгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев кабарлады.
Ал белгилегендей, 2019-жылдын 1-январына карата пенсиянын орточо көлөмү 5 миң 404 сомду түздү.
“Анын ичинен 322,3 миң адам же 49%ы пенсияны “Кыргызпочтасы” МИ филиалдары аркылуу алса, банктар аркылуу 328,8 миң адам алган. 2017-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 17,3 миң адамга көбөйгөн”, - деди ал.
Медер Ирсалиев кошумчалагандай, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2 млрд. 328,5 млн. сомго, эмгекчилердин ден соолугун бекемдөө фонду 288,8 млн. сомго каржыланган.
Пикир
Оставить комментарий