• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүтүндөй өлкө тилеп жатат! Садыр Жапаров Акжол Махмудовду финалга чыгышы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында финалга чыккан балбан Акжол Махмудовду куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу социалдык тармактарда жарыяланды.

Анда мындай деп айтылат:

"Акжол Махмудовду Токиодогу Олимпиада оюндарында финалга чыгышы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бүтүндөй өлкө демин ичине катып, Акжол чечүүчү күрөштө ийгиликке жетишсе экен деп жан дили менен тилеп отурушат! Ошондой эле Айпери Медет кызын дагы Олимпиадада ийгиликтүү күрөшкөндүгү менен куттуктайм. Бул жолку күрөштөр ал үчүн чоң тажрыйба жана келечектеги Олимпиадалык медалдардын башталышы болот деп ишенем! Алга, Кыргызстан!", - деп жазган Жапаров.

Эске сала кетсек, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.

Пикир

Оставить комментарий