• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда айыл чарба тармагын санариптештирүү аракеттери көрүлүүдө – Асел Кененбаева

Коом 0

Бишкек, 24.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанда айыл чарба тармагын санариптештирүү аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асел Кененбаева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 5 жыл аралыгында аткарыла турган программалар жана пландар боюнча алгачкы иштер жасала баштады.

“Президенттин жарлыгы менен “Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү чаралары жөнүндө” концепция кабыл алынды. 2024-2028-жылдар аралыгында санариптештирүүнүн алкагында ар кыл тармактарда биздин программаларыбыз жана пландарыбыз киргизилди. Айыл чарба тармагындагы санариптештирүү иштери 2015-жылы башталган. Буга чейин бодо малды идентификациялоо киргизилген. Азыр болсо майда мал жандыктардын маалыматтары менен толуктаганы жатабыз. ЕАЭБ талаптарына жооп бере тургандай кылып, сүт азыктарынын кыймылына көзөмөлдөө үчүн санариптик тутумдарды киргизебиз. Импорттук жана экспорттук товарлардын документтерин текшерүүнү жеңилдетүү иштери, лабораториялык долбоорлор, ветеринардык дарыканаларды лицензиялоо, суу тармагы боюнча бирдиктүү система иштелип чыгат”, - деди ал.

Ошондой эле Асел Кененбаева министрликте кырдаалдык борбор түзүлөрүн, кагаз түрүндөгү бардык маалыматтар санариптештирилерин айтты. Анын жардамы менен ведомство ар бир тармакта кандай маалыматтар бар экендигин оперативдүү түрдө карап, анализдөөгө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Пикир

Оставить комментарий