Кыргызстанда балдарга карата кылмыштардын саны өсүүдө

Коом 0

Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. 2023-жылы Кыргызстанда балдарга карата кылмыштардын саны өстү. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы балдарга карата кылмыштар боюнча 1 миң 832 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 679 кылмыш иши балдарга карата зордук-зомбулук фактылары боюнча болгон.

"Аталган кылмыш иштердин ичинен 1 миң 86 кылмыш иши соттук кароого жиберилип, 658и кыскартылган, 206 иштин өндүрүшү убактылуу токтотулуп, ал эми 75 иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий