• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда үч ири жана 20га жакын чакан ГЭС курулууда – тизме

Экономика 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда бир эле учурда үч ири жана дээрлик 20га жакын чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Курулуп жаткан жана курулушу пландалган ГЭСтердин тизмеси:

Курулуп жаткан ири ГЭСтер:

- Камбар-Ата-1 ГЭС - 1860 МВт
- Жогорку Нарын каскад ГЭС – 237 МВт
- Куланак ГЭС – 100 МВт
Курулуп жаткан чакан ГЭСтер:
1. Бала-Саруу ЧГЭСи – Талас облусу, Манас району – 25 МВт
2. Лейлек ЧГЭСи – Баткен облусу, Лейлек району – 6 МВт
3. Көгарт ЧГЭСи – Жалал-Абад облусу, Сузак району – 6,7 МВт
4. Тосту ЧГЭСи – Жалал-Абад облусу, Аксы району –1 МВт
5. Ала-Баш ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Тон району – 4,5 МВт
6. Ысык-Ата ЧГЭСи – Чүй облусу, Ысык-Ата району – 4 МВт
7. Кайнама ЧГЭСи – Жалал-Абад облусу, Токтогул району – 9,6 МВт
8. Буйга -1 ЧГЭСи – Ош облусу, Кара-Кулжа району – 6 МВт
9. Кожо-Кайыр ЧГЭСи – Баткен облусу – 0,3 МВт
10. Айгыр жал ЧГЭСи – Жалал-Абад облусу, Сузак району – 2,4 МВт
11. Кыштут ЧГЭСи – Баткен облусу, Баткен району – 1 МВт
12. Исфайрам –1 ЧГЭСи – Баткен облусу – 4 МВТ
13. Белес ЧГЭСи – Баткен облусу, Лейлек району – 0,54 МВт
14. Аксы ГЭСи – Жалал-Абад облусу – 2,6МВт
15. Курак-Тектир – Ош облусу, Ноокат району – 1,2 МВт
16. Ленинполь – Талас облусу, Бакай-Ата району – 2,3 МВт
17. “СиЭйЭй” ЖЧК – Чүй облусу, Кемин району – 2МВт

2024-жылы ишке кире турган ГЭСтер (долбоор)
1. Ак-Терек ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району – 4 МВт
2. Саркент ЧГЭСи – Баткен облусу, Лейлек району – 2 МВт
3. Турген ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району – 5 МВт
4. Шамси ЧГЭСи – Чүй облусу, Чуй району – 10 МВт
5. Боз-Учук ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району – 0,7 МВт
6. Жергез ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району – 6,2 МВт
7. Кара-Жыгач – Жалал-Абад облусу, Токтогул району – 1 МВт
8. Сары-Таш – Жалал-Абад облусу, Токтогул району – 1 МВт
9. Аманат – Чүй облусу, Ысык-Ата району – 0,5 МВт
10. Адын-Үңкүр – Ош облусу, Кара-Суу району – 0,85 МВт
11. “СиЭйЭй” ЖЧК – Чүй облусу, Кемин району – 12 МВт

Реконструкция болуп жаткан ГЭСтер:
1-Үч-коргон ГЭС – 36 МВт (эмдиги жылы ишке кирет)
2-Токтогул ГЭС- 240 МВт (60 МВт кирди, быйыл дагы 60 МВт кирет)
3-Лебединовка ГЭС – 9,2 МВт
4-Ат-Башы ГЭС – 5,5 МВт (реконструкция бүттү)

- "Бишкек Солар" ЖЧК компаниясы тарабынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында пландалган кубаттуулугу 300 МВт СЭСТИ куруу долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле "Ысык-Көл" көмөк чордонуна чейин 220 кВ электр берүү линиясын куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

- "Метрум ТЭК" ЖЧКсы Ысык-Көл облусунда, Тоң районунда пландалган кубаттуулугу 10МВт болгон ШЭС куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча ишти баштады.

Пландалып жаткан долбоорлор:

1-Мындан тышкары, «Чакан ГЭС» ААК Кытай «CHMC» компаниясы менен биргеликте Орто-Токой суу сактагычында 21 МВТ кубаттуулугундагы чакан ГЭСти курууну мерчемдөөдө
2-Папан суу сактагычында 25 МВт
3-Кара-Көл ГЭС 18 МВт ( ишке кируу убактысы болжолдуу 2025-жыл)
- Чүй облусундагы "ЛВФ-Компани" ЖЧКсы Токмок шаарында пландалган кубаттуулугу 120мвт болгон СЭСТИ куруу пландалууда.
- "China Huaneng" компаниясы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда пландалган кубаттуулугу 500 МВт болгон Сэт курууну пландаштырууда.
- "Таза Энерджи" ЖЧК компаниясы тарабынан Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында пландалган кубаттуулугу 50 МВт болгон СЭСТИ куруу пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн 7 млн. 28 млн. доллар өлчөмүндөгү зайымдык каражаттарды 12 жылдык мөөнөткө Евразия Өнүктүрүү Банкы берүүнү пландаштырууда. Азыркы учурда жер участогун берүү маселеси иштелип жатат.

- Сhina Power International Development Limited компаниясы Ысык-Көл облусунда пландалган кубаттуулугу 1000 МВт болгон СЭСти курууну пландаштырууда.

Азыркы учурда техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу аяктады.

Кыргызстанга канча МВт электр энергиясы талап кылынат, анын канчасы импорт болот?
2022-жылга карата алсак жалпы 16,400 млрд кВт/с
Анын ичинен өзүбүз 13,6 млдр кВт-с чыгардык
2,8 млрд кВт/с импорт болду.

Кыргызстан боюнча эң биринчи жарык Пишпекке 1918-жылдары башталып,1923-жылдары келген.

Президенттин администрациясынан кошумчалашкандай, энергетика тармагындагы жабдуулардын болжолдуу 70-80 пайызы эскирген.

Пикир

Оставить комментарий