• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандыктар эми ММК полисин мобилдик тиркеме аркылуу ала алат

Ден соолук 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги жана MBANK милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин онлайн сатып алуу боюнча жаңы кызматты ишке киргизди.

Ведомстводон билдиришкендей, эми ММК полисин Үй-бүлөлүк медициналык борборлордон жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бөлүмдөрүнөн гана эмес, MBANK мобилдик тиркемесин колдонуу менен да сатып алса болот.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) камсыздандырылган жарандарга амбулатордук деңгээлде бир катар кошумча жеңилдиктерди, анын ичинде кошумча лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөргө, медициналык инъекцияларга, физиотерапияга жана дары-дармектерге жеңилдиктерди берет.

Эскерте кетсек, 11 негизги акысыз медициналык кызматтардан жана изилдөөлөрдөн тышкары, ММК полиси бир катар кошумча жеңилдиктерди берет.

Тактап айтканда, кошумча лабораториялык диагностикалык изилдөөлөргө 100% арзандатуу укугу. Бул кошумча чыгымсыз керектүү анализдерди жана экспертизаларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий