• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Зыян 13 млн сом. "Ысык-Ата" санаторийинде мыйзамсыз аракеттер аныкталды

Коом 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. “Ысык-Ата” санаториясынын жетекчилиги материалдык кызыкчылыктарды көздөп, кылмыштуу бүтүмгө барышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан “Ысык-Ата” санаториясында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө санаториянын мурунку мүдүрү О.А.К. жана санаториянын айрым кызматкерлери жеке ишкерлер менен алардын материалдык кызыкчылыктарды максат кылып кылмыштуу бүтүмгө кирип, 2020-2022-жылдарга жалпы суммасы 12 млн 996 миң 615 сомдук каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.

Ошондой эле эмеректерди жогорулатылган баада сатып алуу келишимдерди түзүшүп, санаторияга 1 млн 577 миң 602 сом өлчөмдөгү зыян келтиришкен.

Бул боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий