Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөөдө

Экономика 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда.

Улуттук банк 30-майга карата 1 доллардын расмий курсун 87,70 сом деңгээлинде бекитти. Ошентип, курс 0,23%га төмөндөдү. Евро 95,05 сом, рубль 98 тыйын, теңге 19 тыйындан сатылууда.

Коммерциялык банктарда доллардын орточо курсу: сатуу – 88,41 сомду, сатып алуу – 87,59 сомду түздү.

Улуттук банк жыл башынан бери 7 жолу долларды сатып алуу боюнча интервенция жасап, 113 млн доллар сатып алды.

Буга чейин "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын өкүлдөрү валюта рыногундагы абалга комментарий беришкен. Анда азыркы учурда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталып, буга байланыштуу чет элдик валютага суроо-талап төмөндөп, сунуштар жогорулап жатканын айтышкан. Алардын айтымында, бул өз кезегинде алмашуу курсуна таасир этүүдө.

Пикир

Оставить комментарий