Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөөдө — Улуттук банк себебин түшүндүрдү

Экономика 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Ички валюта рыногунда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Байланыш жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.

"Улуттук банк өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун режиминин алкагында валюта курсунун кескин өзгөрүшүн алдын алуу максатында валюталык соодага катышат. Жыл башынан бери жөнгө салуучу орган 9 интервенция жасаган. Анын 7си чет элдик валютаны сатып алууга багытталып, жалпы 113 млн доллар сатып алды", - деди Султанкулов.

Өз кезегинде Улуттук банктын Экономикалык башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы өлкөдө алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режими сакталып, рынок динамиканы өзү аныктай турганын белгиледи.

"Азыркы учурда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталууда жана буга байланыштуу чет элдик валютага суроо-талап төмөндөп, сунуштар жогорулады, бул өз кезегинде алмашуу курсуна таасир этүүдө", - деди ал.

Улуттук банк валюталык интервенцияны алмашуу курсун текшилөө максатында жүргүзөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүунү улантууда, бүгүн, 28-майга карата 1 доллар 88,98 сомдү түздү.

Пикир

Оставить комментарий