• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда ишкердик жеңилдетилген ресурстарга муктаж - Асрандиев

Экономика 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Өлкөдөгү ишкердик жеңилдетилген ресурстарга муктаж. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду (РКӨФ) ААКтын башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

“Бүгүнкү күндө мамлекеттин ишкердикке жардам берип жаткан негизги финансылык институттары, каражаттары бар. Булар эки ири мамлекеттик банктар “РСК банк” жана “Айыл банк”, Кепилдик фонду жана Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду. Бул финансылык институттардын капитализациясын көбөйтүү керек, себеби капитал канчалык көп болсо бул институттардын биздин ишкерлерге жардам берүү жана колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү көп болот. Учурда биз “РСК банктын” капиталын көбөйтүү маселесин карап жатабыз”, - деди Асрандиев.

Анын айтымында, РКӨФ өзүнүн каржылоосун бир нече багыттар боюнча ишке ашырууда. Бир нече каражаттарды жайгаштыруу каналдары бар – булар ири долбоорлорду каржылоо, банктар жана өнөктөштөр аркылуу кичи жана орто бизнести колдоо.

Ал белгилегендей, учурда үчүнчү канал иштелип чыгууда. Бул мамлекеттик банктардын биринин капиталын тикелей көбөйтүү.

“Бул механизм аркылуу мамлекеттик банк тараптан каржылоо үчүн жана биздин каражаттарды жайгаштыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтебиз деген ойдобуз. Бул бүгүнкү күндө аябай актуалдуу”, - деди Асрандиев.

Пикир

Оставить комментарий