• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук банктын адиси кредиттик бюролордун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Кредиттик бюро эмне иш менен алектенет жана начар кредиттик тарыхты кантип оңдоо керектиги тууралуу Улуттук банктын банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Эрлан Абдраимов айтып берет.

— Кредиттик бюро деген эмне? Ал эмне иш алып барат?

— Кредиттик бюро - мыйзамга ылайык коммерциялык уюм болуп саналган, кредиттик маалымат субъекттери (жеке жана юридикалык жактар) жана алардын милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо, кредиттик отчетторду түзүү жана берүү менен алектенген юридикалык жак.

Кредиттик бюронун ишин баштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуу зарыл.

Азыркы учурда Улуттук банктын лицензиясына ээ жана кредиттик бюролордун Мамлекеттик реестрине эки кредиттик бюро киргизилген.

Учурдагы жылы «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык, кредиттик маалыматтарды берүүчүлөр өзүндө болгон кредиттик маалыматты Улуттук банктан лицензия алышкан жана кредиттик бюролордун мамлекеттик реестрине киргизилген бардык кредиттик бюролорго берүүгө милдеттүү.

Белгилей кетчү нерсе, кредиттик маалымат берүүчүлөр кредиттик маалымат субъектинин макулдугу менен гана кредиттик бюролорго кредиттик маалыматты беришет, эгерде терс кредиттик маалымат берилбесе. Кредиттик бюролор кредиттик маалымат субъектисинин макулдугу менен гана өз ара кредиттик маалыматты алмаштыра алышат.

Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ошондой эле өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен жана мындай маалыматты сактоо мөөнөтү боюнча кредиттик маалымат бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилген.

Кредиттик бюролор өз ишинде кредиттик маалыматтын корголушун жана сакталышын камсыз кылууга, жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоого, банктык жана коммерциялык сырларды сактоого жана кредиттик маалыматтарда анык эмес же бурмаланган маалыматтардын табылышына жана оңдолушуна кредиттик маалыматтын субъекттерине, берүүчүлөргө жана пайдалануучуларга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

Кредиттик-маалыматтык бюросунда кредиттик таржымал тууралуу маалымат сакталат эмеспи. Кредиттик таржымалдын кандай түрлөрү бар?

— Ооба, кредиттик бюро Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Мыйзамына ылайык берилген маалыматтарды электрондук формада кредиттик маалымат базасын жүргүзөт.

Кредиттик маалымат 2 (эки) түргө бөлүнөт:

1.Позитивдүү насыялык маалымат - кредиттик маалымат субъекти тарабынан түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелердин тиешелүү түрдө аткарылышы жөнүндө маалыматтарды камтыган кредиттик маалымат субъекти жөнүндө маалымат.;

2.Негативдүү насыялык маалымат - келишимдик милдеттенмелерди (мөөнөтү өткөн карызды) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү токсон календардык күндөн ашык аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган кредиттик маалымат субъекти жөнүндө маалымат.

Өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр токсон календардык күндөн ашык аткарылбагандыгы тууралуу маалыматтар, насыялык маалымат субъекти тарабынан арыз берилген шартта, терс насыялык маалыматка киргизилбейт, анда насыялык маалымат субъектинин өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусуна таасир эткен өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилиши менен байланышкан жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.

Кредиттик бюро кредиттик маалыматтын сакталышын камсыз кылат:

- позитивдүү кредиттик маалымат жети жыл бою сакталат;

- терс кредиттик маалыматты беш жыл бою сакталат;

- жоюлган кредиттик маалымат берүүчүнүн кредиттик маалыматы кредиттик тарыхта камтылган маалымат акыркы өзгөртүлгөн күндөн тартып беш жыл бою сакталат;

- өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр аткарылбагандыгы тууралуу насыялык маалыматты үч жыл бою сакталат.

Мурдагы кредиттик тарыхтын начарлыгы башка кредит алууга жолтоо болуп жатат. Канткенде кредиттик тарыхты оңдосо болот?

— Кредит алуу үчүн кайрылууда көптөгөн факторлор эске алынат, алардын арасында кредиттик тарых маалыматтары негизги ролду ойнобошу мүмкүн. Кредит берүү чечими кардарлар тарабынан берилген документтерди талдоонун жыйынтыгы боюнча даярдалган корутундунун негизинде кабыл алынууга тийиш. Кредиттик бюронун маалыматы кредит берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негизги же бирден-бир негиз болуп саналбоого тийиш. Финансы-кредиттик уюмдар жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптерин карманууга жана карыз алуучулардын финансылык абалы жана төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоонун натыйжалары жөнүндө күндөлүк маалыматтардын негизинде кредиттерди берүү чечимин өз алдынча кабыл алууга тийиш.

Эгерде кредиттик маалымат субъекти мурда кредит боюнча мөөнөтүн өткөрүп жиберген болсо, анда анын кредиттик тарыхы бузулган болсо жана ага жаңы кредит керек болсо, анда кредиттик маалыматтын ар бир субъекти анын төлөө жөндөмдүүлүгү шартында кредит алуу үчүн финансы-кредиттик уюмга кайрылуу менен өзүнүн кредиттик тарыхын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот жана андан ары ал кредитти мөөнөтүнөн өткөрүүсүз өз убагында жабуу зарыл, ошону менен кредиттик тарыхы акырындап оңдолот.

Пикир

Оставить комментарий