• 88.68
  • 95
  • 0.95

2020-жылы чет өлкөдөн келген инвестициянын агымы эки эседен ашык кыскарды

Экономика 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2020-жылы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2019-жылга салыштырмалуу 55,6 пайызга кыскарып, 477,6 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу кредитордук карыздардан башка бардык түзүүчүлөрдө тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө инвестициянын келип түшүү агымынын төмөндөгөнү белгиленди.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (97 пайызга жакыны) өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, геологиялык чалгындоо, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, дүң жана чекене соода чөйрөсүнө, ошондой эле, маалымат жана байланыш чөйрөсүнө багытталган.

Муну менен бирге, инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоо - 5,4 эсеге, маалымат жана байланыш чөйрөсүндө – 5,1 эсеге, өндүрүш ишканаларында – 32,2%га, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга – 31,6%га, дүң жана чекене соода жаатында – 23,4%га, пайдалуу кендерди казуу ишканаларында - 22,9%га төмөндөгөн.

Пикир

Оставить комментарий