• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кувейттеги өнөктөштөргө Кыргызстандагы бизнестин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти

Экономика 0

Эль-Кувейт, 19.02.19. /Кабар/. Эль-Кувейт шаарында экинчи кыргыз-кувейт форуму болуп өттү. Форум КРнын Кувейттеги элчилигинин жана Кувейттин Соода-өнөр-жай палатасынын колдоосу менен уюштурулган.

Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адылбек уулу "Кабар" агенттигине билдиргендей, форумда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылган.

"Каржы ресурстарын туризм тармагына тартууга, ошондой эле айыл чарба өнөр-жайынын продукцияларын жеткирүү боюнча маселеге басым жасадык", - деди ал.

Шумкарбек Адылбек уулу Кувейт Кыргызстан анча алыс эмес экенин, биз тыгыз кызматташкан Москва, Корея, Кытайдын түштүк бөлүгүндөй аралыкта турарын белгиледи.

"Дээрлик тил маселеси болгон жок. Себеби кызматташабыз деген компаниялардын көпчүлүгү англис же араб тилинде сүйлөшүшөт. Биздин форум көп кызыгууну жаратты. Бүгүн ири каржы үйү, ири авиакомпания, былтыр Көчмөндөр оюнуна келген "Будай" туристтик компаниясы менен жолугушуулар болот", - деп кошумчалады ал.

Аталган агенттиктин директорунун айтымында, араб тарап Кыргызстанга, айрыкча кувейттик туристтердин саны өсүп жаткандыктан туризм тармагына кызыгып жатат.

"Бул түз авиа каттамдарды түзүүгө түрткү болду. Мындан улам "Будай групп" компаниясы менен сүйлөшүүлөргө чоң ишенимибиз бар. Анткени, ташуу жана логистика маселелери абдан маанилүү экенин түшүнөбүз", - деди агенттиктин директору.

Ошондой эле ал бизнес Кувейт тарапты эмне кызыктырарын билип калганын белгиледи.

"Ар кайсы тармактагы 30га жакын компания келди. Маселен, кургатылган жемиш, бал, эт чыгаргандар катышты. Ошондой эле туристтик компаниялар көп болду. Кувейт тарапка эмне керек экенин бизнес так билип калды. Форумдан кийин B2B жолугушуулары өттү", - деди ал.

Белгилей кетсек, биринчи кыргыз-кувейт бизнес форуму 2015-жылы өткөн.

Пикир

Оставить комментарий