• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Бишкекте дайынсыз жоголгон мектеп окуучусу изделүүдө

Кырсык 0


Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Ленин райондук ИИБ дайынсыз жоголгон 2006-жылкы Атабаева Саера Рустамовнаны издеп жатат. Ал 18-февралда Сокулук районунун Ново-Павловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Маалыматтарга ылайык, акыркы жолу аны Бишкектеги Токтогул/Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде көрүшкөн.

Белгилери: бою 165 см, орточо дене түзүлүштөгү, чачы кара, узун, көзү күрөң.

Кийимдери: кара түстөгү күрмө, кара баш кийим, кара шым.

Өзгөчө белгилери жок.

Саера Атабаеванын кайда экенин билгендер болсо, Бишкек шаардык Ленин райондук ИИБге төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: (0312) 35-29-47, (0553) 102-465, (0703) 401-600, (0773) 909-465, 0500) 95-95-76.

Пикир

Оставить комментарий