• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ош облусунун аймагында 2 ирет жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Оштун аймагында 2 ирет жер титиреди, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-майда саат 05:47де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Ноокат, Борбаш, Кара-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Андан тышкары, 27-май күнү саат 00:33тө Ош облусунун аймагында дагы жер титирөө катталып, күчү 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Алай районунун Нура, Икизяк айылдарында 3 баллга чейин, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий