Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-январына карата "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында 12 миң 108 айылдык товар өндүрүүчүгө жеңилдетилген насыя берилди.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, насыянын көлөмү 4 млрд 861 млн 71 миң сомду түздү. Анын ичинен:
- "Мал чарбачылык" тармагы боюнча – 4 млрд 379 млн 99 сом сом суммасында 10 миң 664 субъектке;
- "Өсүмдүк өстүрүүчүлүк" тармагы боюнча – 481 млн 72 миң сом суммасында 1 миң 444 субъектке берилди.
Аталган долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААКтар катышууда. Каржылоонун көлөмү 5 млрд сомду түзөт.
2025- жылдын 1-январына карата аталган долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат (млн сом)
Пикир
Оставить комментарий