Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 2023-жылдын 4 айында 264,5 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 13.05.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде ички дүң продуктынын (ИДП) көлөмү алдын-ала баалоо боюнча, 264,5 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымына караганда, бул көрсөткүч 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4,4 пайызга көп.

Ал белгилегендей, ИДПнын өсүшүнө товарларды өндүрүү секторунда – 27,7%, тейлөө тармагында – дээрлик 52%, өнөр жай – 18%, айыл чарба продукциялары – 6%, курулуш – 4%га өсүү көлөмүнүн өсүшү таасир эткен.

Пикир

Оставить комментарий