• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда ишкерлерди окута турган кыргыз-корей программасы ишке киргизилди

Экономика 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Кыргыз ишкерлеринин билим деңгээлин жана иш тажрыйбасын өнүктүрүүгө багытталган кыргыз-корей Mini MBA программасы ишке кирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев билдирди.

Анын айтымында, алты жумалык бул программа Чет элдик инвесторлор ассоциациясы, Салымбеков университети жана Кореянын KOTRA, SEMAS агенттиктери менен өнөктөштүктө иштелип чыгып, эки тараптуу ишкерликти өнүктүрүүгө, кесиптик тажрыйбаны, байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.

“Биздин милдет Салымбеков университетинин базасында кичи жана орто ишкерликти өнүктүрүү максатында кыргызстандык ишкерлерди окутуу. Анткени, Кыргызстанда кичи жана орто ишкерликти өнүктүрүү ыңгайлуу, ишкерликтин бул түрү динамикалык өнүгүү катмарына кирет. Окутууда биздин ишкерлер бизнес жаатындагы өз билимдерин кеңейтип, тажрыйба алмашып, ишкерликте өнөктөш табууга да чоң мүмкүнчүлүк жаралмакчы”,- деди ал.

Маалым болгондой, окутуунун 5 жумасы Бишкекте өтүп, алтынчы жумадагы окутууда ишкерлер Түштүк Кореяга барып жеринен ишкерлик чөйрөсүндө тажрыйба, билим алышмакчы.

Итибаев белгилегендей, Кореянын өнүгүү модели биздин өлкө үчүн ыңгайлуу, анткени аларда да Кыргызстан сыяктуу мунай, газ өндүрүлбөгөндүктөн, негизги байлык адамдар, адамдык капитал болуп саналат. Ал эми мында жарандарга билим жана тажрыйба берүү маанилүү орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий