Кыргызстанда күйдүргү (сибирь жарасы) боюнча эпизоотиялык абал кандай?

Коом 0

Бишкек, 17.05.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Чүй облусунун Кемин районунун тургуну, ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районунда союлган мал күйдүргү ылаңына (сибирь жарасы) шектелип жаткан. Бирок, Кеминде илдетке шектелип, ооруканага жаткырылган жарандын анализинен сибирь жарасы аныкталган эмес. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматы учурда өлкөдө күйдүргү жарасы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу экендигин маалымдады.

Ветеринардык кызматтын эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Адилет Сотовалдиев билдиргендей, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарындагы күйдүргү ылаңына күмөндөлгөн союлган малдан лабораториялык изилдөө үчүн эт жана топурактан үлгүлөр алынган. Анын жыйынтыгы 20-майда чыгат. Ал акыркы диагноз лабораториянын жыйынтыгы менен коюларын белгиледи.

"Союлган мал өз учурунда сибирь жарасына каршы эмделген. Сузак районунда сибирь жарасы боюнча эпизоотияга каршы иш-чаралардын планы белгиленген мөөнөттө 101%га аткарылган. Бүгүнкү күндө сибирь жарасы ылаңына каршы Ветеринардык-санитардык иш-чаралар, малдарды клиникалык кароодон өткөрүү жана ревакцинациялоо иштери жеринде жүргүзүлүп жатат", - деди адис.

Ошондой эле Сотовалдиев сибирь жарасына каршы пландуу эмдөө үчүн вакцина толугу менен камсыздалгандыгын, Ветеринардык кызматтын резервинде 846 миң 489 доза вакцина бар экендигин айтты.

"Былтыр Кыргызстанда малдан сибирь жарасынын эки учуру катталган. Өлкө аймагында жалпы сибирь жарасынын 570 эски очогу бар. Ветеринардык кызмат очоктордо жылына эки жолу жазында жана күзүндө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп турат", - дейт Адилет Сотовалдиев.


Кыргызстанда эпизоотияга каршы пландын негизинде жылына күйдүргү жарасына каршы эмдөө иштери жасалат. Аталган ылаңга байланыштуу диагностикалык изилдөөлөргө, профилактикалык эмдөөлөргө жана жок кылуу боюнча иш-чараларга бюджеттен акча каражат бөлүнөт.

Жугуштуу күйдүргү оорусунун түрлөрү жана жугуу жолдору кандай? Бул суроого жооп табуу максатында бир катар пайдалуу маалыматтарды топтодук.

Күйдүргү жугуштуу оору. Сибирь жарасы кишиге малдан жугат. Ооруну таякчага окшогон микроб козгойт. Ал айлана-чөйрөнүн терс шарттарына абдан туруктуу келип, 100 жылга чейин жашайт. Көбүнчө бодо мал, кой, эчки, чочко, төө жана башка үй жаныбарлары ылаңдайт. Күйдүргүнү эт, тери, жүн даярдоочу өндүрүштөрдө иштеген кишилер же жөн гана жай тургундар ылаңдаган малды союп, терисин сыйрып же жүнүн кыркып, жууп жатканда жугузуп алышат. Ылаңдаган малдан анын козгогучтары заара, заң, кан жана башкалар менен бөлүнүп чыгып жерди, чөп-чарды, сууну, тегеректеги буюмдарды булгайт.

Күйдүргүнүн тери формасы. Кишиге оору көбүнчө тери, кээде ооз, мурун жана көз аркылуу жугат. Көбүнчө илдет терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Күйдүргү жарасы көбүнчө дененин ачык жеринде: колдо, бетте, моюнда пайда болот. Оору жуккандан кийин анын негизги белгилери 2-3 күндөн соң пайда болот.

Күйдүргүнүн тери формасында микроб кирген жерде эң мурда кызыл так пайда болот, андан кийин томпоюп шишимек тартат. Кийинчерээк ал ыйлаакчага айланып, сууга, бир аздан кийин ириңге толуп, бат эле жарага айланат. Жара кычышат, ысыйт, ириңге кан кошулгандыктан анын өңү кара кочкул, тегереги кызарып шишимек тартып турат. Бул ооруда адамдын дене табы 39-40°ка чейин көтөрүлөт. Баш ооруйт, адам алсырайт, жүрөгү тез согуп, бир аз демигет. Мындай абал 5-7 күнгө чейин созулат. Ал эми 2-3 жумадан кийин карт түшөт.

Күйдүргүнүн өпкөдөн же ичеги-карынды жабыркаткан ички формасы өмүргө коркунучтуу. Өпкө күйдүргүсүндө оору катуу, капысынан кармайт, температура бир заматтын ичинде 40-41°ка жетет, көз кызарып жаш агат, жөтөлөт, чүчкүрөт, үн кырылдайт, бүтөт, көкүрөк сайгылашып ооруйт, демигет, эрин, моюн көгөрөт. Жөтөлгөндө кан аралаш какырык чыгат. Диагнозду өз убагында коюп, дарылабаса оорулуу 2-3 күндүн ичинде эле өлүмгө учурашы мүмкүн. Ичеги-карын формасында ич ооруп, өтөт, кан аралаш кусат, кээде ич көөп, заң чыкпай калат. Эгерде оорунун белгилери байкалса же күнөм санаган учурда дароо медициналык жардамга кайрылуу зарыл. Дарыгерлер лабораториялык изилдөөнүн негизинде оорунун диагнозун коюп, туура дарылайт. Бейтаптын жашаган үйү дезинфекцияланат.

Күйдүргүнү алдын алуу чаралары. Күйдүргүнү алдын алуу үчүн айыл чарба малдары жыл сайын эмделет. Эгер мал ылаңдап калса аны бөлүп дарылап, карантин киргизилет. Анын кыгы, чөп-чары, шакел жана башкалар өрттөлүүгө тийиш. Илдеттин айынан өлгөн мал да өрттөлөт. Эгер жайлоодо малдын өлүгү табылса, ал жер өрттөлүп, дезинфекцияланат. Соо малга алдын ала эмдөө жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий