• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда кадрларды тандоо иштери күчөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда кадрларды тандоо иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга талапкерлер тестирлөөдөн өтүп башташты. Мунун жардамы менен ачык-айкындуулукту камсыздоого шарттар түзүлүп, коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбейт.

“Акыркы жылдары өлкөдө жеке компаниялардын көбөйгөндүгүнө карабастан, мамлекеттик кызматта иштейм дегендердин, алардын ичинен айрыкча жаштардын саны өсүп жатканы байкалууда. Бул деген мамлекеттик кызматтын кадыр-баркы, имиджинин өскөнүнөн кабар берет десек болот. Азыр талапкерлер тестирлөөдөн өтүп жатат. Ар бирөөнүн жанында компьютерлер жана камералар болгондуктан эч ким аларга аралыктан да, жанына барып да жардам бере албайт”, - деди ал.

Ошондой эле Кудайберген Базарбаев 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында 9 261 адам тестирлөөдөн өткөнүн, алардын 48 пайызы гана тиешелүү упай топтой алганын баса белгиледи.

“Жетекчилик кызматка бараткан талапкерлердин инсандык сапаттарын аныктоо максатында, жаңы тестирлөө ыкмасы киргизилип жатат. Учурда мультипсихометрден акимдер, мэрлер, айыл өкмөт башчылары өттү”, - деп кошумчалады Базарбаев.

Пикир

Оставить комментарий