• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын 69%ы айыгып чыкты – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 28.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын 69%ы айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бейтаптардын 30%дан ашыгы бейтапканаларда дарыланууда. Каза болгондор 1%ды түзөт.

"Коронавирус илдетин 6 жашка чейин – 6%, 7 жаштан 17 жашка чейин – 11%, 18 жаштан 29 жашка чейин – 27%, 30 жаштан 64 жашка чейин – 51%, 65 жаштан жогору 5% жаран жуктурган. Бейтаптардын 35%ы – Бишкек шаарында, 15%ы – Ош облусунда, 19%ы – Нарын облусунда, 13%ы – Жалал-Абад облусунда, 9%ы – Ош шаарында, 11%ы – Чүй облусунда, 2%ы – Баткен облусунда жана 1%ы Ысык-Көл облусунда катталган", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-майга карата коронавирус жуктурган 74 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1594тү түзөт. Алардын ичинен 1066 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий