• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эмдөөдөн кийин кан тапшыруу мөөнөтү 30 календардык күндү түзөт — Кан тапшыруу борбору

COVID - 19 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Коронавируска каршы эмдөөдөн кийин кан тапшыруу мөөнөтү 30 календардык күндү түзөт. Бул тууралуу Республикалык кан тапшыруу борборунун медициналык иштери боюнча директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Эмдөөдөгө каршы медициналык көрсөтмөлөргө байланыштуу болгон бардык маселелер Саламаттык сактоо министрлигинин "Кан кызматы боюнча эрежелер, нускамалар жана алгачкы медициналык документтердин жыйындысы" буйруктары менен жөнгө салынат.

“Эмдөөдөн кийин кан тапшыруу мөөнөтү 30 календардык күндү түзөт. COVID-19га каршы эмдөө эки этапта жүргүзүлгөндүктөн донор кайра трансфузиондук станцияга келгиче, вакцинанын экинчи компонентин сайгандан кийин кеминде бир ай өтүшү керек. Бул убакта иммундук система туруктуу абалга жетишип жана туруктуу иммундук системаны өнүктүрө алат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий