• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 168 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 11.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 168 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 24, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда - 10, Ош облусунда – 35, Нарын облусунда - 5, Талас облусунда 7, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 44, Баткен облусунда – 24 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 44 миң 395 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий