• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 3 адам коронавирус жуктуруп алды. Жалпы 147

COVID - 19 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 3 адам коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жаңы катталган 3 учур тең Бишкек шаарында.

"Республикадагы эпидемиологиялык абал курч бойдон сакталууда. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 147 кишиге жетти", - деп кошумчалады министр.

Анын маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө беш бейтаптын абалы оор, алар жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын ичинен эки бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган, үчөө кислород менен дем алууда.

147 учурдун ичинен Бишкек шаарында - 20, Ош облусунда - 47, Баткен облусунда - 3, Жалал-Абад облусунда - 67, Чүй облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 2 жана Нарын облусунда 4 адам бар.

Эске салсак, коронавирус жуктуруп алган 9 бейтап айыгып чыкты, ал эми илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы адам каза болгон.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий