• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Кыргызстанда кылмыштуулук 48 пайызга азайды — ИИМ

Коом 0

Бишкек, 04.11.22. /Кабар/. 2022-жылдын тогуз айында өлкө аймагында кылмыштуулук 48 пайызга азайды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, оор жана өзгөчө оор кылмыштар 12 пайызга, алдамчылык боюнча фактылар 23 пайызга, коомдук жайда жасалган кылмыштар 18 пайызга төмөндөгөн.

Жол кырсыктары сегиз пайызга азайып, каза болгондор 21 пайыз, жаракат алгандар беш пайыз төмөндөгөн.

“Мониторинг ишинин жардамы менен жалпы эки миңден ашык кылмыштарды болтурбай алдын алууга үлгүрдүк. Үй-бүлөлүк зомбулук кылмыштары 13 пайыз, зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын саны 15 пайызга азайган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий