• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азайганы байкалууда

Ден соолук 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда кызамык илдетинин катталуу учурлары азайып баратат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, бирок вирустун жайылуусу Бишкек шаарында жана Чүй облусунун борборго чектеш эки районунда байкалууда, бул жерде вирустун жайылышы стационардык очоктор тарабынан коштолууда.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 1-сентябрдан 17-сентябрга чейин республика боюнча кызамык оорусуна чалдыккан 49 учур катталган. Ал эми июль айында 828 учур, август айында 260 учур катталган. 2024-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусунун жалпы 13 320 учуру катталды.

Эскерте кетсек, кызамык оорусунун чыгышына каршы маанилүү чаралардын бири кошумча эмдөө кампанияларын жүргүзүү.

Пикир

Оставить комментарий