• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Сыркоолоп калсаңыз дарыгерге кайрылыңыз – даректери

Ден соолук 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Аба ырайынын суукташына байланыштуу курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын саны артууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, шаардык муниципалитет мектеп, бала бакча жана медициналык мекемелерде профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Автобус жана троллейбустардын ичи тазаланып, коомдук унаалар токтогон жерде унаалардын ичи шамалдандырылып турат.

"Коомдук унаада жүргөндө антибактериалдык бет аарчы колдонуп, колдоруңуздарды самын менен жууну унутпаңыздар", - дейт Бишкек шаарынын мэриясы.

Мэриянын маалыматы боюнча, 2019-жылы курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын саны 66 миң 538ге жетсе, 2018-жылы 85 миң 936 болгон (24,4%га азайган).

Шаар мэриясы калаа тургундарына кайрылып, сыркоологон учурда дарыгерлерге кайрылууларын сунуштайт:

"Урматтуу шаар тургундары, эгер өзүңүздү начар сезип, дене табыңыз көтөрүлсө шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылып, кеңеш алсаңыз болот. Биздин нөөмөттө турган дарыгерлерибиз керектүү жардам берип, үйүңүзгө бара алышат. Өз алдынча дарыланбаңыздар".

Ленин районунун бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору:

№1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Фучик көчөсү 15) – 644546, 0703-362-408, Жумакан Акунова;

№2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (3-линия көчөсү 25/1) - 210310, 0704-700-202, Жыргал Касымалиева;

№11 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Киев көчөсү 154) – 311254, 0555-344-803, Рахат Бейшеналиев;

№12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Чортеков көчөсү 206Б) - 211790, 0553-775-847, Бурул Досалиева;

№13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Токтогул көчөсү 250) - 657327, 0500-210-027, Жийде Осмонбекова;

№17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Семетей 152) - 550105, 0555-514-151, Гүлнара Ташибекова.

Биринчи май районунун бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору:

№3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Логвиненко көчөсү 30) - 325598, 0553-114-183, Атыргүл Буудайбекова;

№7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Тоголок Молдо 1) - 662235, 0550-151-528, Дамира Чарабаева;

№14 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Свободная көчөсү 9) - 678923, 0551-862-221, Саадат Арстанбекова;

№16 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Панфилов 4) - 541310, 0557-776-678, Зайнагүл Тайсалова.

Свердлов районунун бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору:

№5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Көлбаев 42) - 635123, 0550-000-169, Элмира Турумбекова;

№8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Чүй 40) - 433907, 0771-117-744, Анара Шакеева;

№9 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Курманжан Датка 109а) - 368830, 0550-327-472, Алым Мырзаев;

№10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Бөкөнбаев 61) - 387814, 0700-972-919, Нурлан Абасканов;

№4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Ибраимов 181) - 434007, 0558-434-003, Вера Асеева.

Октябрь районунун бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору:

№6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Жукеев-Пудовкин 75), - 574810, 0990-888-035, Дамир Кожогулов;

№15 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Сүйөркулов 1) – 561134, 0550-201-848, Жыпар Шаршенбиева;

№18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Тыныстанов 1а) - 561134, 0558-535-553, Тилек Жантайбеков;

№19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (5 кичирайону, 16-үй) – 570671, 0553-775-847, Мунара Өмүралиев.

Пикир

Оставить комментарий