• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кыргызстанда кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандар арбыды – дарыгер

Ден соолук 0

Бишкек, 09.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Кыргызстанда кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Бурул Асыкбекова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 13 миңден ашуун учуру катталды. Алардын көпчүлүгү кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөөдөн баш тарткандар болгон.

"Өлкө аймагында балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны арбыды. Диний көз караштардан жана вакцинанын сапаты начар деп балдарына вакцина сайдырбагандар көп кездешип жатат. Көбү вакцинанын сапатынан күмөн санагандар. Мындан улам Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны өсүүдө. Жыл башынан бери кызамыктын 13 миңден ашуун учуру катталды. Мунун ичинен 37 пайызы диндик көз караш менен баш тартса, калган 64 пайызы вакцинанын сапатынан күмөн санагандар. Учурда балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу жана кошумча эмдөөдөн баш тарткандардын олуттуу саны оорунун күч алышынын негизги себеби бойдон калууда. Вакциналар бизге келгиче бир нече текшерүүдөн өтүп келет.

Мындан сырткары, Саламаттык сактоо министрлиги менен Республикалык эмдөө борбору вакциналарды сактоо үчүн муздаткычтарды жетиштүү алып келип берди. Анын аркасында бизде вакцинаны сактоо жана таратуу жолдору дагы жакшырды. Бирок, ошондо дагы биздин жарандар вакцинанын сапатынан күмөн санап жатышкандары кейиштүү”, - деп белгиледи дарыгер.

Дарыгер кошумчалагандай, эмдөөдөн баш тарткандардын эң көп саны 2023-жылга туура келип, мунун кесепетинен бир жылда тогуз бала аталган дарттан каза болгон.

“2023-жылы республикада тогуз бала бул оорудан каза болду. Эмдөө – кызамык оорусун алдын алуунун натыйжалуу жолу. Тилекке каршы, андан баш тарткандар көбөйүүдө. Кызамык дал ушул вакцинадан баш тарткандардын арасында күч алды. Баш тарткандардын саны жыл сайын өсүп жатканы кырдаалды курчутууда”, - деди дарыгер.

Ошондой эле ал балдарды өз убагында эмдетүү зарыл экенин айтып, вакцина алуу акысыз экенин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий