• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда мөңгүлөр майдаланып, азайып баратат – Стрижанцева

Коом 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда мөңгүлөр майдаланып, азайып баратат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун жер үстүндөгү суу ресурстары лабораториясынын башчысы Ольга Стрижанцева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, акыркы 50-70-жылда Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында да температуранын жогорулашына байланыштуу чоң мөңгүлөр ээрип, майда мөңгүлөр көбөйүүдө.

"Көбүнчө мөңгүлөрдүн ээрүүсүнөн тоолордо майда көлдөр көп пайда болуп же толуп кетүүдө. Анын жыйынтыгында мөңгү суулары дарыяларга кошулуп өлкө аймагында сел, суу каптоолор көбөйүүдө”, - дейт ал.

Стрижанцева белгилегендей, климаттын өзгөрүшү, глобалдык жылуулук процесси менен коштолгон орточо температуранын жогорулашы, экстремалдык аба ырайынын өзгөрүүлөрү мөңгүлөрдүн эришине, өлкөнүн тоо экосистемасына олуттуу таасирин тийгизүүдө. Мөңгүлөрдүн азайышынан жана суу булактарынын булганышынан улам ичүүчү таза сууга жетүү көйгөйлөрү дагы курчуп баратат.

“Климаттын кескин өзгөрүүлөрүнүн кесепети учурдагы Кыргызстандагы сел, суу ташкындарынын жана жер көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келип, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо жайгашкан калктуу конуштар үчүн олуттуу коркунучтарды жаратууда”, - дееп белгиледи лаборратория башчысы.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин маалыматы боюнча, быйыл жаан-чачындын көп жаашынан байланыштуу өлкөдө жыл башынан бери 311 сел каптоо учуру катталган.

Пикир

Оставить комментарий