• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Чүйдүн тургундарына “Унаа” мекемесинин 7 күндүк график менен иштөөгө өткөндүгү эскертилди

Коом 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 20-майынан тартып «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Сокулук-Москва бөлүмү жети күндүк график менен иштөөгө өткөн. Бул тууралуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Мекемеден белгилешкендей, иш күндөрү жана дем алыш күндөрү жарандар жоголгон айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу же калыбына келтирүү, транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу боюнча Сокулук-Москва бөлүмүнө кайрылса болот.

Ошол эле учурда айдоочулук курамды тестирлөө дүйшөмбүдөн жумага чейин жүргүзүлөт.

Бөлүм Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү, 26 А дарегинде жайгашкан.

Маалымат үчүн телефондор: 0312 60-76-34, 0312 60-76-56.

Ошондой эле дем алыш күндөрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда Бишкек шаардык бөлүм Бишкек шаары Ч.Валиханов, 2 дареги боюнча, Батыш бөлүмү Б.Алыкулов, 3/10 дареги боюнча жана Военно-Антоновка айылындагы "Риом-авто" унаа базарынын аймагында жайгашкан Аймактар аралык бөлүмдөрү иштейт.

Өлкөнүн түштүгүндө дем алыш күндөрү Ош шаардык бөлүмү Ош шаары, Касымбеков көчөчөсү, 30 дареги боюнча, Ош-2 сектору Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү, 168 жана Жалал-Абад шаары Шопоков көчөсү, 32 дарегинде жайгашкан. Жалал-Абад региондук бөлүмдөрү иштейт.

Бөлүмдөрдүн жана секторлордун графиги тууралуу толук маалымат алуу үчүн 0999 809 877 номерине кайрылуу керек.

Пикир

Оставить комментарий