• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда мал базарларга жана мал союлуучу жайларга көзөмөл күчөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Кыргызстанда мал базарларга жана мал союлуучу жайларга көзөмөл күчөтүлөрүн эскертет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда КР өкмөтүнүн 2015-жылдагы "Жаныбарлардын ылаңдарын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өлкө аймагындагы мал базарларды, мал союлуучу жайларды жана этти кайра иштетүүчү цехтерди ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Ветеринардык кызматтын кызматкерлери тарабынан тиешелүү ветеринардык-санитардык талаптарды сактабаган, көрсөтмөлөрдү толук аткарбаган жана ар бир жарандын ден-соолугуна олуттуу зыян тийгизерине жол берген, юридикалык жана жеке ишкерлерге, мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Белгиленгендей, тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында, мындай текшерүүлөр республика боюнча жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий