• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда медицина жетишээрлик жогорку деңгээлде – Дмитрий Тарасов

Ден соолук 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда медицина жетишерлик жогорку денгээлде. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “МЕДСИ: Компетенциялардын медицинасы” маалымат жыйынында МЕДСИ базасындагы эл аралык онкология борборунун травматология жана ортопедия борборунун жетекчиси Дмитрий Тарасов билдирди.

Эскерте кетсек, Россиядагы алдыңкы клиникалардын бири “МЕДСИ” компаниялар тобунун өкүлдөрү Бишкекке келди. Аталган россиялык клиниканын алдыңкы, кесипкөй дарыгерлери 4-5-июнда Бишкек шаарындагы төрт жогорку окуу жайдын базасында республиканын жашоочуларын бекер текшерүүдөн өткөрүшүп, консультацияларды беришти.

МЕДСИ клиникасынын өкүлдөрү ар түрдүү оорулуу бейтаптарды дарылоо боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен төлүшүп, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен МЕДСИнин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Тарасов белгилегендей, россиядык дарыгерлердин тобу Кыргызстанга өздөрүнүн технологияларын алып келүү үчүн келишкен.

“Эки күн аралыгында биз жүздөн ашык бейтапка консультация берүүгө, алардын дарылануусун дайындоого жана кесиптештер менен мындан аркы кызматташтык талкуулоого жетиштик. Сиздердин өлкөдөгү медицина жетишерлик жогорку деңгээлде экенин айтпай кое албайм. Биздин милдет Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумуна жаңы технологияларды жана дарылоонун жаңы ыкмаларын жайылтуу болуп саналат”, - дейт MЕДСИ базасындагы Эл аралык онкология борборунун травматология жана ортопедия борборунун жетекчиси.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР президентинин администрациясынын өкүлү Гүлмира Шакирова дагы сөз сүйлөдү. Ал дарылоонун жаңы ыкмаларын жайылтуу жөнүндөгү тажрыйбалары менен бөлүшкөнү үчүн Россиядан келген Россиядан келген дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

“Саламаттык сактоо – негизги социалдык багыттардын бири. Биз бул багыттагы мүмкүнчулүктөрдүн чеги жок экенин жакшы түшүнөбүз. Кыргызстанда Россия жана Түркиядан мамлекеттик эмес көп тармактуу клиникалар бар. Биз жаңы сунуштарга ачыкпыз”, - деди Шакирова.

Өз кезегинде КР саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Сыдыков жаңы илими жана кызматташтык үчүн Россиялык дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий