• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кыргызстанда мектептерде уюлдук телефон колдонууга тыюу салуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү мекемелеринде уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салууну сунуштоодо. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Долбоор окуучулардын билимин жана ден соолугун, алардын социалдык жана психологиялык бакубаттуулугун коргоо, ооздуктаган факторлорду жана мобилдүү түзүлүштɵр менен байланышкан кɵйгɵйлɵрдүн алдын алуу, академиялык чɵйрɵнү колдоо, буллингдин бардык түрлөрүнө жана кибербуллингге, жол берилгис контентке каршы күрɵшүү, бейпил жана коопсуз билим берүү процессин камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

Иштелип чыккан тартипке ылайык, билим берүү уюмуна кирип баратканда ар бир билим алуучу, кызматкер, келген жаран жана башка адамдар өзүнүн телефонунун үнүн толугу менен өчүрүүгө (“үнсүз” режимине коюу) милдеттүү. Студенттер жана окуучулар телефондорун толук өчүрүп, класста же аудиторияда орнотулган атайын кутучага (бокс) салып кирүүсү керек.

Мобилдик түзүлүштөрдү билим алуучуларга өзгөчө кырдаалдар учурунда, тыныгуу убактысында, тиешелүү буйрук менен бекилген иш планында өтүлүүчү сабактарда мобилдик түзүлүштөрдү пайдалануу зарылчылыгы көрсөтүлгөн учурда колдонууга уруксат берилет.

Билим берүү мекемесинде мобилдик түзүлүштөрдү мойнуна илип, чөнтөктөрдө сактоого, электр тармагына кошуп заряддоого тыюу салынат. Ошондой эле мобилдик түзүлүштөрдүн жардамы менен коомчулукка зомбулукту, ырайымсыздыкты жана порнографияны жайылткан видеолорду жана сүрөттөрдү көрсөтүү, зордук-зомбулук жана вандализм көрүнүштөрүн тартуу жана андан кийин башкаларга көрсөтүү аркылуу билим берүү уюмунун имиджине зыян келтирүүгө уруксат берилбейт.

Ал эми педагогдорго окуу процесси учурунда мобилдик түзүлүштөрдү зарыл болбогон учурда колдонууга тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий