• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү 513 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын январь-ноябрында өнөр жай продукциясынын көлөмү 513 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу тазаланган мунай продуктуларынын (1,8 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (31,4 пайызга), тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарынын (20,1 пайызга), фармацевтикалык продукциянын (12,3 пайызга), текстиль жана кийим-кече өндүрүшүндө (13,8 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарынын (9,9 пайызга), ошондой эле өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 4,8 пайызга көбөйдү.

\

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 32,6 пайызды, дүң жана чекене соодада – 18,5 пайызды, ошондой эле айыл чарбасында - 6,2 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий