Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Республикада 4-декабрдан тарта STEM предметтердин мугалимдери үчүн кеңири масштабдагы квалификацияны жогорулатуу курстарынын үчүнчү этабы башталды.
Ведомстводон билдиришкендей, курстар Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан өткөрүлгөн 4 күндүк тренингдер өлкөнүн бардык региондорун камтыйт, окутуу квалификациялуу мастер-тренерлер тарабынан өткөрүлөт.
Мындай иш-чаралар табигый илимдерди жана математиканы окутуунун алдыңкы эл аралык методикаларын киргизүүгө багытталган, алар мугалимдерге окуучуларды окуу процессине активдүү тартууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет.
Курстун жүрүшүндө жаңы методикаларды практикада колдонууга өзгөчө көңүл бурулуп, тренингдер аяктагандан кийин ар бир мугалим алган билимдерин колдонуу менен өзүнүн сабак өтүү пландарын түзөт. Мастер-тренерлер мугалимдерди коштоп, алардын сабактарына катышып, күнүмдүк практикага жаңы ыкмаларды киргизүүгө жардам беришүүдө. Курстардын аягына чейин Кыргызстандагы бардык STEM мугалимдерин окутуу пландалууда.
Белгилей кетсек, квалификацияны жогорулатуу курстары Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Пикир
Оставить комментарий