Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү документи жок дары-дармек саткан 84 аптека аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти Кыргызстандын аймагында лицензиялык талаптардын сакталашына карата дарыканаларга текшерүү жүргүзгөн.
Лицензиялык көзөмөл жүргүзүү мезгилинде тиешелүү уруксаты жок дары-дармектерди саткан 84 дарыкана аныкталган:
1. Бишкек шаарында – 30;
2. Нарын облусунда – 5;
3. Талас облусунда – 8;
4. Ысык-Көл облусунда – 4;
5. Ош шаарында – 37.
Министрликтен билдиргендей, аталган мыйзам бузуучуларга карата мыйзамда белгиленген тартип чаралар көрүлөт.
Пикир
Оставить комментарий